Сүлүктүдө студенттерге экстремизм жана терроризмди алдын алуунун жолдору түшүндүрүлдү

Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алмухаммед Мизамидин уулу жана Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери менен  милициянын аймактык тескөөчүлөрү,  Сүлүктү шаарындагы университет окутуучуларынын катышуусунда студенттерге экстремизм менен терроризмди алдын алуунун жолдорун түшүндүрүштү.

Иш-чара жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзамда каралган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулган.

 “Пайгамбарыбыздын (с.а.в), “Мусулман бул – башка мусулмандарга колунан жана тилинен зыян бербеген ишенимдүү инсан”, – деген маанидеги хадиси бар. ошондой эле ислам сөзү тынчтыкка моюн сунуу деген маанини билдирет. Биз момун-мусулман катары ислам динин кабыл алгандан кийин эле эң биринчи тынчтык деген нерсени сакташыбыз керек”, – деди Алмухаммед Мизамидин уулу.  

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, келген адистер жана милиция кызматкерлери студенттердин түрдүү суроолоруна жооп беришти.