Ош облусунун казысы кезектеги сабагын Ош облустук казыятында өттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев облустун райондорундагы имам-хатибдерге жана имамдарга сабак өттү. Ага облустун аймагындагы имамдар жана казыят кызматкерлери катышты. Облус казысы ханафи мазхабынын көрүнүктүү аалымдары жана мазхабдын фикх жаатында жазылган китептери туурасында маалымат берди. Аны менен бирге “Ал-Хидая” китебинин автору Бурханиддин Ал-Маргинаний туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

“Хидая китеби бир эле Кыргызстан же Орто Азияга эмес, ал бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга таанымал китеп. Аны өзүбүздүн эле жердешибиз Маргиландан чыккан улуу имам Абул-Хасан Али ибн Аби Бакр жазган. Ал мужтахиддер табакасынын бешинчи табакасындагы аалымдардын катарына кирет. Алар эки бирдей болгон маселенин кимиси турараак экендигин “хува асах” же “хува сахих” деген сыяктуу сөздөр менен басымдуу тарабын аныктап берген”, – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, бул сабактар ар айда райондордун жалпы имамдарына жана ар жуманын шаршемби күндөрү казыяттын кеңсесинде облустун аймактык имамдарына, шаршемби күнү Кара-Суу районунун “Апиза эне” ислам институтунда жана ишемби күндөрү Өзгөн районунда болуп жатат.