Азирети Муфтий Замир кары Ракиев молдо Талибжан ажынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өз өмүрүн дин тармагында арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, бир нече жолу Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп, ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө  үзүрлүү эмгектенген аалымыбыз, устатыбыз Кошон ажы Исмаиловдун (молдо Талибжан)  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Төмөндө текст толугу менен берилет.

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аалымыбыз, устатыбыз молдо Талибжан ажынын мусулман үммөтү үчүн жасаган зор, эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам устатыбыз молдо Талибжан ажынын үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Замир кары Ракиев