Кадамжайдын баш имам-хатиби райондогу имамдарга мечиттерди каттоо ишин тездетүүнү тапшырды

Кадамжай районунун баш-имам хатиби Ибрахим ажы Хайиткулов  райондогу борбордук «Аль-Бухари» мечитинде жалпы имамдарга жыйын өтүп, анын алкагында кышка карата даярдыктарды көрүү, Муфтият, облустук казыят тарабынан келген тапшырмаларды так аткарууга чакырды.

 «Мечиттердин тазалыгына көңүл буралы жана кыш айына карата даярдыктарды көрөлү. Кайрымдуулук иштерин күчөтөлү. Эң башкысы, эл арасында түшүндүрүү иштерин жандантуубуз маанилүү. Муну менен катар каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тез арада бүткөрүү зарыл», – деди райондун баш имам-хатиби.

Жыйында имамдын диний жөрөлгөлөрдү гана аткаруучу киши эмес, ал элдин, мамлекеттин тынчтыгын сактоочу жана адамдардын руханий байлыгын толтуруучу кызматкер экендиги айтылып, тапшырмаларды убагында аткаруу зарылдыгы баса белгиленди.