Кошон ажы Исмаилов (молдо Талибжан) жерге берилип, жаназа намазына беш миңден ашуун адам катышты

Бүгүн, 26-октябрь күнү Ош облусунун Араван районунда ислам динине эбегейсиз кызмат кылган Кошон ажы Исмаилов (молдо Талибжан) акыркы сапарга узатылды. Диндин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө үзүрлүү эмгектенген аалымды акыркы сапарга узатууга Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, жакындары, шакирттери, санаалаштары ж.б. беш миңден ашуун адам катышты.

Азирети Муфтий аалымдын өрнөктүү өмүрү тууралуу кеңири токтолуп, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтп, сабыр тиледи. 

Белгилей кетсек, эл арасына Молдо Талибжан деген ат менен таанылган Кошон ажы көптөгөн аалымдарды тарбиялап чыгарган. Өмүрүн дин кызматына арнап, бир нече жолу Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон.