Ноокенде зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага район акиминин орун басары Зияда Юлдашева баштаган райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнөн жетекчилер, жооптуу имам, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйында коомчулукта катталып жаткан ар кандай зордук-зомбулуктар жөнүндө сөз болуп, район аймагында буга карата каршы туруу чараларын күчөтүү керектиги айтылды. Ошондой эле мындай түшүндүрүү иштери райондун бардык аймактарында улантылары белгиленди.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара район акими Таалайбек Ишенбековдун буйругунун негизинде ишке ашырылууда. Ага ылайык, түшүндүрүү иш-чаралары дин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлөт.