Жети-Өгүздө боз үй формасында салынган мечит эл кызматына берилди (фото)

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жаңы “Желденбай уулу Жылдызбек” атындагы мечит салтанаттуу түрдө ачылып, эл кызматына берилди. Ачылыш аземине Талантбек Акылбек уулу баштаган Жети-Өгүз райондук хатибиятынын жамааты катышты. Райондук баш имам-хатиб өз куттуктоосунда жалпы элди ынтымакка чакырып,

 «Мечит – Жараткан Алла Тааланын үйү. Мечитти урматтап, сыйлап, жаштарыбызды ыйманга, адеп-ахлакка чакыруубуз зарыл», – деп билдирди.

Ачылышка келген жалпы катышуучулар, айыл жаштары, аксакалдар жана коноктор мечит менен таанышып, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин сурап дуба кылышты.

Эскерте кетсек, боз үй формасында заманбап үлгүдө толук шарты менен курулган мечит Желденбай уулу Жылдызбектин балдарынын демөөрчүлүгү менен бүткөрүлдү.