Нарында укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык кеңештин отуруму өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Нарын облусунун Координациялык Кеңешинин отуруму өткөрүлдү. Жыйында КР Президентинин №412 Жарлыгы менен бекитилген “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы; ошондой эле Нарын облусунун аймагында кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде өзгөчө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу багытында жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу маселелер каралды.

Отурумда тиешелүү кызмат адамдары тарабынан баяндамалар жасалып,  экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү, экстремисттик-террористик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жана коомдук саясий кырдаалды туруктуу сактоо боюнча алдын ала түшүндүрүү-агартуу иш-чараларын жүргүзүү алкагында уюштурулган “Үгүт бригадасынын” ишин жандандыруу; террористтик актыларга жол бербөө жана алдын алуу максатында облустагы стратегиялык объектилерди террордук коркунучтардан сактоо, кайтаруу жана коопсуздук системасын күчөтүү талабынын аткарылышы; Нарын облусунун аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир» уюмунун, “Салафия”, “Якын-Инкар” агымдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюу; Нарын облусунун аймагында кылмыштуулукка каршы күрѳшүү, анын ичинде ѳзгѳчѳ үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукка жана ѳспүрүмдѳр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелер каралып, ушул эле маеслелер  тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү маселелери талкууланып, тапшырмалар берилди. Отурумда сөз алган облус казысы: “Адам турмушунда коомдун өнүгүү нугу,  жаштардын адеп-ахлагы менен илим-билимине негизделгендиктен, Нарын облустук казыяты буга чейин айылдарды аралап, мектеп окуучуларына “Ислам – тынчтыктын жарчысы”  аттуу үгүт-насаат кербенибизди сиздер менен биргеликте уюштуруп келгенбиз. Эми ошол үгүт-насаат кербенибизди облустук деңгээлде уюштурсак жакшы болот эле. Мындан тышкары дагы бир орчундуу маселебиз, мечиттердин каттоосу. Азыркы күндө дээрлик мечиттерибиз каттоодон өттү. Ошентсе да кээ бир райондордо өтпөй жаткан мечиттерге район акимдери, сиздер кол кабыш кылсаңыздар жакшы болор эле”, – деп билдирди.