Токмокто балдар арасында Куран окуу жана азан айтуу жарышы өттү

Токмок шаарында балдар арасында Куран окуу жана азан айтуу жарышы өтүп, ага катышкан 19 талапкер өз күчтөрүн сынап көрүштү. Сынак Токмок шаардык хатибияты тарабынан уюштурулуп, алдыңкы орунга ээ болгондор акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми жалпы катышуучуларга шаардык хатибият тарабынан белек-бечкектер жана ыраазычылык барактары тапшырылды.

«Пайгамбарыбыз (С.А.В.) айтат: «Силердин эң жакшыңар – Куранды окугандар жана окуткандар».  Пайгамбарыбыз (С.А.В.) мындай дейт: «Ким Куран окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыяматта ата-энесине нурдан болгон тажы кийгизет. Анын нуру күндүн нурундай жаркын! Жана ата-энесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып! «булар эмене үчүн?»,- деп сурашканда, «балаңар Куранды толук жаттаганы үчүн»,- деп айтылат. Андыктан Куранды көп окуйлу, жаттайлы!»,-деди имам-хатиб Муржан ажы Касымов.