Кара-Суу районунун “Абдурахман ибн Ауф” атындагы медресенин студенттерине кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатын даңазалаган иш-чара өттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Абдурахман ибн Ауф” медресесинде “Мекенди сүйүү ыймандан” аттуу темадагы семинар өттү.  Семинарды медресенин жетекчиси Маматмуса уулу Кылычбек уюштуруп, ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана КР ДИМКнын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Ысакбай Мурзабеков катышты. Иш-чаранын алкагында тил, мекенге болгон сүйүү жана улуттук каада-салттар турасында лекциялар окулду. Аны менен бирге окуу жайдын студенттери тарабынан сахналаштырылган көргөзмөлөр тартууланды.

“Бул иш-чаранын максаты кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатындагы баалуулуктарын жайылтуу менен бирге кыргыз тили кандай улуу тил экендигин, мекенди сүйүү, эл-жерди коргоо ар бир жарандын атуулдук милдети болуш керектигин диний тармактагы студенттерге кеңири түшүндүрүп берүү.  Бул иш-чарадан студенттер көп пайдаларды алды деп ишенем”-деди окуу жайдын мүдүрү Маматмуса уулу Кылычбек.