Баткен шаарынын баш имам-хатиби аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, ысырапкерчилик туурасында баяндама жасады

Баткен шаарында  аялзаты  үчүн  диний маалыматтык түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Баткен шаарынын баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов ислам дининдеги аялдын орду боюнча лекция окуп, аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, ысырапкерчилик туурасында баяндамасын жасады.

Ал эми иш-чарага катышкан катышуучулар  кызыктырган суроолорун беришип, учурдагы актуалдуу болуп турган маселелер боюнча маалымат алышты.

Белгилей кетсек, Баткен шаардык хатибияты тарабынан  аялзаты үчүн жумасына эки  жолу ар түрдү темаларда сабактар  өткөрүлүп келет.