«Жанбото Ата» мечити жаңыланып, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин катышуусунда колдонууга берилди

Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечити Асанабил  кайрымдуулук фондунун колдоосу менен жаңыланды. Мечиттин ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, коомдук ишмер жана  «Дордой» ассоциациясынын   президенти Аскар Салымбеков, Асанабил  кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммат Мади мырза катышып, мечиттин коомду тарбиялоодогу орду чоң экендигине токтолушту.

«Мечитке келгенде ар бирибиз оңолгонго аракет кылалы. Мечит такыбалардын үйү жана ыймандуулукка тарбиялоочу булак. Андыктан мечиттин кооздугуна эле эмес, адеп-ахлагыбызды оңдоого аракет кылалы»,-деди Азирети муфтий.

Эскерте кетсек, «Жанбото Ата» мечити эскилиги жетип, жаңыланууга муктаждык жаралган болчу.