“Атаназар кары” медресесинде мавлид кечеси болуп өттү

Ош облусунун Ноокат районундагы “Атаназар кары” медресесинен кыз-келиндер бөлүмүндө мавлид кечеси болуп өттү. Ага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМК ТАБнын жетекчилиги, облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, медресенин мүдүрү Атаназаров Имамназар кары, мугалимдер, студенттер жана жергиликтүү аялдар катышты.

Кеченин жүрүшүндө пайгамбарыбыздын тарыхы, басып өткөн куттуу өмүрү жана ал заттын үлгү алына турган асыл сапаттары баяндалды. Облус казысы мавлиддин түпкү өзөгүн жана маани-маңызын аңдатып, айрым адамдар айткандай бидъат (жаңылык) эмес экендигине токтолду. Андан соң окуучулар тарабынан пайгамбарыбызга (с.а.в) арналган казалдар окулуп, дубалар кылынды.