Шакир ажы Маматов: «Өз милдетибизди так аткаралы»

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов «Мадина» мечитинде ордо калаанын жалпы имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында мечиттердин кышка даярдыгы жана дин кызматкерлеринин саясий маселелерге аралашпашы керектиги тууралуу талаптар айтылды.

«Дин кызматкерлери саясатка аралаша албайт. Бул тууралуу Муфтияттын буйругу бар. Ошондуктан этият мамиле кылып, өз милдетибизди гана так аткаралы. Андан да маанилүүрөөгү, мечиттерибиздин кышка карата даярдыгын тездетели. Элибиздин ынтымагын, жергебиздин тынчтыгын Жараткандан сурап, дуба кылалы», – деди шаар казысы.