Султанали ажы баштаган аалымдар Сокулук районунун тургундары менен жолугуп, суроолорго жооп беришти

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы «Бермат-Ислам» мечитинде КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, КМДБнын даават бөлүмүнүн адиси Шерик ажы Карыпбеков, Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаевдер жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Алар жума баянында жамаатты ынтымакка, биримдикке чакырып, жума намазын өтүштү. 

Гапуров баштаган аалымдар мамлекетибизге тынчтык, элибизге ынтымак тилеп, дуба кылышты. Алар намаздан соң элдин фатва жана даават жаатындагы суроолоруна жооп беришти.

Эскерте кетсек, КМДБнын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин аймактардагы эл менен жолугушууларды өткөрүүгө багытталган диний «Агартуу кербенин» уюштуруу жөнүндөгү буйругунун негизинде жер-жерлерде каалайык менен жолугуп, ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтуу иш-чаралары өткөрүлүп жатат.