Ош шаарында Баткен окуясынын 22 жылдыгына карата Куран окуп, дуба кылынды

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багындагы Баткен жоокерлеринин мемориалдык комплексинде Баткен окуясынын 22 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов,  «Имам аль-Бухари Алай» мечитинин наиб имамы Улук кары Эрмеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө митинг-реквием өтүп, курман болгон жоокерлердин элесине багыштап Куран окулуп, дуба кылынды.

Белгилей кетсек, курман болгон баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо, ошондой эле аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу максатында 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди Эскерүү күнү деп белгиленген.