Кара-Суу районунун имамы Өзбекстанда өткөн ири иш-чарага катышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ташлак айылындагы “Имам Ата” мечитинин имамы Юсуфхан ажы Ахматалиев Ташкент шаарында өткөрүлгөн мавлид кечесине атайын чакыруу менен катышты. Юсуфхан ажы сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Азирети муфтийи Нуридин кары Халказаров жана Куран жана Тажвид бөлүмүнүн мүдүрү Шейх Алижан кары Файзуллах уулу менен жолугушту.

Ташкент шаарынын борбордук «Мухаммад Содик Мухаммад Юсуф» мечитинде мавлид кечеси уюштурулуп, анда шейх Алижан карынын окуусундагы 30 (отуз) пара Куран дискинин жана “Курон Карим шафоати” китебинин бет ачары болуп өттү. Ага легендарлуу Абдулбасид Абдусамад карынын баласы Ясир Абдусамад кары, 50 дөн ашык дин кызматкерлери жана жүздөгөн Куран жаттаган карылар катышты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ондогон китептер белекке берилди.

Аталган иш-чарага катышып келген Юсуфхан ажы Ахматалиев Өзбекстан Республикасынын Азирети муфтийи баштаган аалымдар Кыргызстандын муфтиятына жана аалымдарына өздөрүнүн саламдарын жолдошконун билдирди.