Муфтият казыяттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында Бишкек шаарында футбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча турнир өткөрүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы казыяттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында Бишкек шаарында футбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча турнир өткөрүүдө.

Спорттук иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев жана муфтияттын эмгек жамааты, 9 казыяттан түзүлгөн атайын командалар катышып, өз күчтөрүн сынашууда.