Муфтият тарабынан уюштурулган футбол боюнча турнирде Талас казыяты баш байгени жеңип алды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы казыяттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында Бишкек шаарында футбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча турнир өткөрүп, жыйынтыгында биринчи орун Талас казыятына ыйгарылды. Ал эми экинчи орун Нарын казыятына берилсе, үчүнчү орун Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаардык казыятына ыйгарылды.

«Бул турнирди уюштуруудагы башкы максатыбыз Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү кызматкерлердин ынтымагын, достугун жана байланышын бекемдөө болуп саналат. Ден соолук дагы аманат. Андыктан сергек жашоо дагы инсан үчүн маанилүү. Мындан ары ушул спорттук иш-чарабызды кезектешип өткөрүп, казыяттар арасындагы тажрыйба алмашууну  алдыга жылдыралы»,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Муну менен катар мыкты оюнчу, чабуулчу, дарбазачы, коргоочу аттуу номинациялар боюнча дагы атайын сыйлыктар берилди.