Баткенде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» белгиленип, ага Абдурашид ажы Юнусов катышты

 Бүгүн, 4-ноябрда Баткен облусунун Баткен шаарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» белгиленип, ага Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов катышты. Облустук, шаардык жетекчилердин катышкан иш-чарада тарыхый инсандар эскерилип, маркумдарга багышталып Куран окулду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.