Шерик ажы Карабеков: «Нике каттоо журналы үй-бүлөнү бекемдөөдө абдан маанилүү»

Баткен казыятынын жыйындар залында КМДБнын үгүт-насаат жана даават бөлүмүнүн адиси Шерик ажы Карабековдун катышуусунда жалпы дин кызматкерлерине нике каттоо журналы боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят жамааты, баш имам-хатибдер жана Баткен районунун жана шаарынын жалпы мечит имамдары катышты.

«Үй-бүлөдөгү  зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана кыз ала качуунун алдын алуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Ошонун бир мисалы катары “Нике каттоо” журналы. Бул үй-бүлөнү бекемдөөдө абдан маанилүү”, – деди Шерик ажы Карабеков.

Иш-чара суроо-жооп, талкуу менен уланып, дин кызматкерлери өздөрүнүн сунуш пикирлерин айтышты.

Белгилей кетсек, имамдар 2019-жылдан баштап нике каттоо журналын пайдаланып келет.