Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Бахрейнде өткөн “Диндердин ортосундагы диалогдун мааниси” аттуу эл аралык форумга катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бахрейнде өткөн “Диндердин ортосундагы диалогдун мааниси” аттуу   эл аралык форумга катышты. Форумга  диний уюмдарынын жетекчилери, дин аалымдары,  белгилүү илимпоздор – теологдор катышты. Масштабдуу иш-чара Бахрейндин королу Хамад ибн Иса Аль Халифанын колдоосу менен өттү.

Форумдун ачылышы Манама шаарындагы «Шейх Иса» маданий борборунда болуп, пленардык жыйын  «Чыгыш менен Батыш адамзаттын тынчтыкта  жашоосу үчүн» деген темага багытталды. Муну менен катар форумдун катышуучулары конфессиялар аралык кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, азыркы замандын гуманитардык көйгөйлөрүн талкуулашты.