Сузак районунда социалдык комплекстин курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды

“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылында социалдык турак жай комплексинин курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Абсаттар Сыргабаев, КР ДИМК жетекчилиги, Абдул Карим Мухаммад баштаган аталган фонддун мүчөлөрү, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин кызматкерлери, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле айыл өкмөттүн жашоочулары катышты.

Нематулла ажы социалдык комплексти Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагына куруу демилгесин көтөргөндөргө, куруп жаткан фонд жамаатына жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшкөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, социалдык үйлөр чыныгы муктаждарга калыстык менен берилерин баса белгиледи.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдириши боюнча, аймакта мүмкүнчүлүгү чектелген, жакыр турмуш кечирип жаткан ж.б. ондогон муктаж жарандар бар.

Белгилей кетсек, комплекстүү “Бахрейн 2” айылында негизинен 13 турак жай, мектеп, ФАП, мечит жана медресе курулат.