Чүйдө 1916-жылы шейит болгон ата-бабаларга эстелик тургузулду

Москва районундагы «Бердалы» атындагы борбордук мечитте «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата эскерүү иш-чарасы өтүп, 1916-жылы  курман болгон 517 кишиге эстелик тургузулду. Саамалыкка Москва районунун акими Ниязбек Козуев, орун басары Мунара Мамажанова, Москва районунун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеев, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеевге Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык баракчасы ыйгарылды.

Эскерүү иш-чарасынын соңунда 1916-жылы курман болгон ата-бабаларга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.