Москва районунун баш имам-хатиби жоокерлерге Мекенди сүйүү боюнча лекция окуду

Чүй облусунун Москва районунун баш имам-хатиби Искендер Жакеев райондогу аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат кылып жаткан жоокерлерге «Ыймандын мөмөсү» аттуу темада лекция окуду. Лекцияда Мекенди сүйүү, жоопкерчиликти сезүү, өз элин коргоонун пазилеттери, мекенчил атуул болуу, жаштарга үлгү көрсөтүү, кайраттуулук жана сабырдуулук сыяктуу зарыл темаларда пайдалуу маалыматтар берилди.

«Ата-энеңер силерди Мекенге татыктуу кызмат кылып келет деген үмүт менен күн эсептеп күтүп жатат. Алардын ишеничин актап, сыймыкка бөлөшүңөр чоң бакыт эмеспи. Ошондуктан өзүңөргө кам көрүп, кызмат учурундагы кыйынчылыктарга сабыр кылып, Мекендин татыктуу жоокери болууга аракет кылгыла», – деп билдирди баш имам-хатиб.

Искендер Жакеев жогоркулардан сырткары ыйман, адеп-ахлак, тартип, суициддин диндеги орду жана үй-бүлө жоопкерчилиги боюнча да насааттарды айтты.