Ош облусунун казысы Кыргызстандын алгачкы муфтийи, маркум Абдусаттар ажыны эскерүү иш-чарасына катышты

Бүгүн, 6-ноябрь күнү Баткен облусунун Өрүк-Зар айылында Орто Азияга белгилүү аалым, көрүнүктүү аалымдардын устазы жана Кыргызстандын алгачкы муфтийи, маркум Абдусаттар ажы Мажитовду эскерүү болуп өттү. Ага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Өрүк-Зар айылынын имамы жана айыл тургундары катышты. Кеченин жүрүшүндө залкар алым, молдо Абдусаттар ажы Мажитовдун басып өткөн өмүр таржымалы жана насааттары эскерилди.

«Устазыбыз молдо Абдусаттар ажы такыба, илимдүү жана кең пейил инсандар эле. Ал Кыргызстанга эле эмес, Орто Азияга таанымал аалым болчу. Устаздан учурдагы менмин деген аалымдар сабак алган. «Аалымдар – пайгамбарлардын мураскору» деп айтылыт хадисте. Молдо Абдусаттар дамлабыз ушул мураска ээ болгон кутмандуу кишилердин бири болгон. Адам баласы өткөндөн кийин артына калтырган жакшы амалы менен гана эскерилет. Аалым кишинин өлүмү тирүү сыяктуу, жахил киши (илимден кабары жок, сабатсыз) тирүү болсо да өлүү сымал деп айтылат», – деди Сайдемир ажы Жейналиев.

Эскерте кетсек, иш-чаранын соңунда Ош облусунун казысы Өрүк-Зар айылында курулуп жаткан медресенин пайдубалына капсула салды.