Азирети Муфтий жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын  дилимден куттуктайм!

Журналисттер кандай гана учур болбосун бийлик менен жарандардын ортосундагы көпүрө, коомдук жана жеке пикирлердин өкүлү, пайдалуу жана актуалдуу маалыматтын булагы болуп келесиздер. Маалыматтын объективдүү чагылдырылышы сиздерден көз каранды!

Жалпыңыздарга Жараткан Алла Таалам чыгармачылык эргүү, үй-бүлөңүздөргө амандык, ден соолук, мол ырыскы берсин.

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев