Нурсеит Тойчуев Кызыл-Кыядагы «Таштемир ажы» медресесинин мүдүрү болуп дайындалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Тойчуев Нурсеит Арапович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Таштемир ажы» медресесинин мүдүрү болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини окуу жайдын эмгек жамаатына жана студенттерине тааныштыруу аземи уюштурулуп, иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, имамдар жана медресе мугалимдери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров «Таштемир ажы » медресесинин мүдүрү Тойчуев Нурсеит Араповичти  жалпы жамаатка расмий тааныштырып, мүдүрдүн алдыдагы иштерине ийгилик каалап, жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу аткаруусуна тилектеш экендигин билдирди.

Тойчуев Нурсеит Арапович 1978-жылы 28-июлда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. ОшМУнун теология факультетин аяктаган. Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.