Мирланбек ажы Токтомушов «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Ош шаарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада 1916-жылкы окуяларда курман болгон ата-бабалар менен бирге улут сыймыгы болгон бир катар мамлекеттик ишмерлердин рухуна Куран окулуп, дуба кылынды. «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде уюштурулган иш-чарада А. Орозбеков, И. Разаков, А. Масалиев, И. Мониев, С. Ибраимов, Алымбек Датка, Курманжан Датка сыяктуу чыгаан инсандар эскерилди.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов баштаган дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, ардагерлер, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.