Лейлекте жаштар арасында Куран окуу жарышы өттү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарында жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтү жашоочулар, дин кызматкерлери жана 50 дөн ашуун Куран жаттоочулар катышты.

Сынак Куран жаттоочулар арасында 10 сүрө, 1 пара жана 1,5 пара боюнча өтүп, жергиликтү карылар, имамдар калыстык кылышты. Жыйынтыгында Аслидин Абдихалилов 1-орун, Фирдавс Джалилов 2-орун, Суннатуллох  Эргашов 3-орунду камсыз кылышты.

Куран жарыш соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай жана баалуу белектер берилди. Белгилей кетсек, иш-чаранын жалпы байге фонду 40 миң сомду түзүп, 1-орунга 9 000 сом акчалай жана кошумча белектер ыйгарылды.