Туугандар менен жакшы мамиледе болуу

(Иллюстрациялык сүрөт)

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен!

وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلاَ تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئاً وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَاناً وَبِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَـامَى وَالْمَسَـاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَى وَالْجَارِ الْجُنُبِوَالصَّاحِبِ بِالجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَـانُكُمْ إِنَّ اللَّهَ لاَ يُحِبُّ مَن كَانَ مُخْتَالاً فَخُوراً

«Аллага табынгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга жакшылык кылгыла! Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт» (Ниса сүрөсү, 36-аят).

Аяттан көрүнүп тургандай, бир гана кан менен байланышкан туугандар менен эмес, кошуналар, достор, кесиптештер, кошуналар (керек болсо динине карабай) менен мамилени сактоо зарыл.

Мухаммед пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваттары болсун) ар дайым сахабаларынан кабар алып, аларга зыярат кылчу. Илгери адамдар досторуна, туугандарына баруу үчүн чөлдү кезип өтүшчү. Бүгүнкү күндө байланыш бир топ жеңилдеди. Эгер убакыт жок болсо, каалаган убакта каалаган өлкөдөгү жакынына чалып, сүйлөшүүгө болот. Сүйлөшүп эле тим болбостон, телефондун экранынан да көрүүгө мүмкүн.

Мүмкүнчүлүктөр кеңейген азыркы доордо туугандар (рахим) менен мамилени жакшыртуу зарыл. Хадистерде рахимди таштоо жакшы эместиги белгиленген:  

«Рахим (туугандар менен мамиле куруу) Аршка асылып мындай дейт: Мага көңүл бурганга Алла да көңүл бурсун. Ал эми мени таштаганды Алла да таштасын» (Муслим).

Дагы бир хадиси кудсийдин маанисинде мындай деп келет:

«Алла Таала мындай дейт: Мен – Рахманмын! Ал – рахим. Мен ага өз ысымымдан ат койдум. Андыктан аны (рахим) менен жакшы мамиледе болгон, туугандары менен жакшы мамиле курган жана жакшылык кылгандарга сыйлык беремин. Ал эми туугандары менен мамилени үзгөндөр андан куржалак калышат» (Абу Дауд).

1. Алланын ыраазычылыгы үчүн тууганчылык куруу (Абу Дауд);

2. Алла Тааладан сооп үмүт кылуу (Тирмизи);

3. Өз ата-тегин жана туугандарын таанып-билүү (Тирмизи);

4. Тууганчылыкта жакын туугандарды алдын коюу (Бухари);

5. Эгер туугандар муктаж болсо, анда садаканы алгач аларга берүү (Муслим)

Эскертүү: Зекет жана важиб садака ата-тегине (мисалы: ата-эне, чоң ата, чоң эне, таята, таэне), урпактарына (мисалы: уул бала, кыз бала, небере, жээн небере) жана аял-күйөө бири-бирине бербейт.

6. Динге бекем туугандарын тууганчылык мамиледе алдын коюу (Мавсуъатул Адаб);

7. Тууганчылыкты үзгөн адам менен мамилени бекемдөө (Бухари);

8. Тууганчылык мамилени үзгөндөр менен тууганчылыкты уланта берүү жана алардан келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу (Муслим);

9. Аларга жакшылык каалап, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу Шуъара сүрөсү, 214-аят);

10. Алардын кайгы-капа жана курсанчылыктарында бирге болуу (Мавсуъатул Адаб);

11. Мураскорлорун колунда бар абалда калтыруу (Бухари).

Даярдаган: Шамиль Идиза, Чүй казыятынын пресса адиси