Алланын каарын келтирген иштерден качалы

Зынаа бул – ислам шариятындагы чоң күнөөлөрдөн. Зынаа – сойкулук, никесиз жакындык кылуу дегенди түшүндүрөт. Алла Таала Куранда бул тууралуу: «Зынага жакындабагыла. Анткени ал эң ыплас жаман жол!» деп катуу эскерткен (Исра: 32).

Кудай Таала зына кылбагыла деген жок, ага жакындабагыла деди. Демек, зынага жакындоо чоң күнөө болсо, аны аткаруу андан да чоң күнөө.

Ислам динибиз аврат жерлерди жаап жүрүүнү баарыбызга буйруйт, ал аял болсун, эркек болсун айырмасы жок. Анткени, авратын ачып көчөдө жүргөн адамга зынакорлуктун күнөөсү жазылат деп айтышат аалымдарыбыз. Айрыкча, аялзаты буга көбүрөөк маани бергени жакшы. Себеби, кыска, ачык-чачык, денеге жабышкан, тар кийимдерди кийип, көчөгө чыккан аялзаты сөзсүз түрдө эркектин көңүлүн буруп, аларды зынакорлукка чакыра турган абалды жаратат. Аял ага суктанып караган эркекке көңүл буруп карабаса да, өзүнүн сулуулугун, уяттуу жерин жаппай жүрүү ага күнөө катары жетиштүү. Аялзаты сулуулуктарын жарыя кылып, ар кандай сүрөт-видеолорун интернет айдыңына чыгаруусу туура эмес.

Демек, Алланын каарын келтирип, шайтанды кубантууга себеп болуучу кийимдерден сактанып, аврааттарды жаап, Кудай Таалам буюргандай жамынып-катынып жүргөн эң жакшы.

Даярдаган: Абдурашид ажы Юнусов, Баткен районунун баш имам-хатиби