Эмгексиз байлык тузу жок тамактай

Адам баласы төрөлгөндө башка жаныбарларга караганда бир топ алсыз болот. Адамды күчтүү кылып, башка жандыктардан айырмалап турган анын акылы болуп саналат. Адамзат акылын туура пайдалануу менен өзүн коргоп, курсагын тойгузуп, жашоосун улантууда.
Ак эмгектин наны таттуу дегендей, ар дайым эмгектенүү менен кыштын камын жазда көрүп, өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзө алат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эч бир адамга өзүнүн маңдай тери менен тапкан тамагынан таттуу эч нерсе жок», – деп айткан.

Эмгектенүүдөн качып, жалкоолук жолун тандаган адам өзүнүн абийирин кетирип, башкаларга көз каранды болот. Жалкоолук адамды оорукчан кылып алсыратат. Ал эми оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат. Жалкоолук кылып жеңил жол менен тамак таап, абийирин кетиргенге караганда кара жумуш кылып намысын сактаган артык. Буга Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Силерден бирөө арканын алып тоого чыкса, жонуна бир боо отун алып келип сатса жана Алла анын абийирин коргосо, бир нерсе берер-бербеши белгисиз болгондордон кайыр сурагандан жакшыраак», – деп айткан.

Эл эмгегин жер жебейт демекчи, ырыскыдан үмүт үзбөй аракет кылган адам үзүрүн көрөт. Баш аман болсо баары табылат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Башыңар аман эле болсо, ырыскыңардан үмүт үзбөгүлө. Ар бир эне баласын кыпкызыл жана жылаңач төрөйт. Кийин Алла Таала ага өз ырыскысын берет», – деп айткан.

Албетте баарыбызга ырыскы берүүчү Алла Таала. Бирок «Бекерчиден кудай безер» демекчи, адам баласынын ырыскысы жер бетине чачылып, аны терип чогултууга аракет кылуусу зарыл. «Алма быш, оозума түш» деп үйдөн чыкпастан ачка олтуруу менен өзүнүн жанына зулум кылгандай болот. Эгерде кайырчылык кылып, байлык чогултууну ниет кылгандар үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Байлыгын чогултуу үчүн кайырчылык кылган, сураганы аз же көп болсун, чындыгында оттун чогун тиленгендей болот», – деп айткан.

Адамзат бул жашоодо өзүнүн гана курсагын тойгузуу менен өмүр сүрө албайт. Айрыкча эркектерге үй-бүлөнү багуу, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Багууга милдеттүү болгондордон баш тартуу, адамга күнөө катары жетиштүү», – деп айткан. Башка бир хадисте: «Эгер бул адам балдарын багуу үчүн иштесе, анда ал Алла жолунда. Эгер улгайган ата-энесинин муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн иштесе, анда ал Алла жолунда. Эгер өзүнүн күчтүүлүгү жана мартабалуулугу үчүн иштесе, анда ал Алла жолунда. Бирок эки жүздүүлүк жана эл көрсүн деп иштесе, анда ал шайтандардын жолун жолдогон болот», – деп келет. Бул да болсо жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша, ага дагы бир канча жоопкерчиликтер жүктөлөт. Эгерде ырыскысы кенен болуп, барчылыкта жашаса, жакын кошунасына, муктаж болгон туугандарына, айланадагы жетим-жесирлерге жардам колун сунуусу керек. Бул шарият боюнча алып караганда мал-мүлктүн зекетин берүү деп айтылат.

Ар дайым эмгектенүү үчүн адал жолду тандаңыз. Аз болсо да, адал жана берекелүү болот.

Алла Таала баарыбызга адалдан нан таап, түз жолдо жашоону насип кылсын.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси