Ош облусунун аймагындагы диний объектилердин кышка даярдыгы текшерилүүдө

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана казыяттын чарба адиси Сулайман ажы Шерматов Ош облусунун аймагындагы диний объектилердин тазалыгын жана кышка даярдыгын текшерүү максатында Араван районуна барды. Текшерүүнүн жүрүшүндө диний окуу жайлардын жана мечиттердин кышка даярдыктары текшерилип, намаз убактыларына так болуу тапшырмасы берилди. Тазалыгы начар жана даярдыгы жетиштүү камсыздалбаган мечит имамдарына оозеки эскертүүлөр берилди.

“Кыш мезгили да келип калды. Даярдыкты мүмкүнчүлүктүн болушунча тездетишибиз керек. «Кыш – момундун жазы» дегендей, кышта жумуштар жеңилдеп, элдин баары мечитке шашат. Мечитте алар үчүн шарттарды түзүп берүүбүз зарыл”, –деди Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов.