Абдукалык Базарбаев Кызыл-Кыядагы «Азирети Усман» медресесинин мүдүрү болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Базарбаев Абдукалык Ташбаевич Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Усман» медресесинин мүдүрү болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини окуу жайдын эмгек жамаатына жана студенттерине Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров тааныштырып, мүдүрдүн иштерине ийгилик каалап, жоопкерчиликтүү милдетти татыктуу аткаруусуна тилектештигин билдирди.

Базарбаев Абдукалык Ташбаевич 1965-жылы 13-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында туулган.

Өзбекстан Ресбупликасында жайгашкан “Мир-Араб” медресесинде  жана Бишкек шаарындагы “Азирети Умар” ислам институтунда, ошондой эле  Египеттеги “Аль-Азхар” университетинде диний билим алган. Андан сырткары  Кызыл-Кыя Тоо-Техникалык коллежинде  билим алып, бухгалтер адистигине ээ болгон. 2009-жылдан бери Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибинин орун басары кызматын аркалып келген.