Акжол ажы Бакиров “Сатыбалды Исманалиев” атындагы аялдар окуу борборундагы иш-чарага катышты

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарындагы “Сатыбалды Исманалиев” атындагы аялдар окуу борборунда уюштурулган иш-чарага катышты. Анда учурдун талабы болуп жаткан жана ар бир эне билүүсү зарыл болгон бала тарбиялоо маселеси, ошондой эле ханафи мазхабында бекем болуу туурасында лекциялар болду. Иш-чарага окуу борбордун мугалимдери жана окуучулар катышты.

“Исламда балдарга таалим-тарбия берүүгө өтө терең көңүл бурулган. Ата-эне өз балдарына жакшы тарбия берип, жакшы-жаманды ажыратууга көндүрүүсү керек. Эгер ата-эне балдарын жакшы карап, туура жолго салса, балдары дүйнөдө ата-энесине баш иет жана алардын ыракатына себепчи болот. Ал эми акыретте да ата-энесинин даражаларынын бийик болуусуна көмөкчү болот. Жакшы балдар ата-энеси үчүн садака жарыя (ата-эне каза болгондон кийин да аларга сооп жетип туучу амалдардын бири) болуп эсептелет”, – деди Акжол ажы Бакиров.