Сузак районунун баш имам-хатиби район акими менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков район акими  Баратбек Сыдыкназаров менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы каттоодон өтө эле мечиттер тууралуу сөз болуп, ага байланыштуу пикирлер айтылды. Анда каттоого алына элек мечиттерди тез арада эсептик каттоодон өткөрүү боюнча эки тараптуу кызматташууну жандантууга басым жасалды.

Баш имам-хатиб район аймагында ондогон каттоодон өтө элек мечиттер бар экенин ырастап, аларды тез аранын ичинде документтештирүү зарылдыгын билдирди.

Эске салсак, облус аймагындагы аталган маселелерди чечүү боюнча облус казысы район-шаарлардын имам-хатибдерине тиешелүү тапшырмаларды берген.