Жалал-Абад шаарынын имам-хатиби “Ибрахим алейхи салам” мечитинин жамаатына мазхаб жана биримдик боюнча лекция окуду

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов шаардагы Достук кичи шаарчада жайгашкан “Ибрахим алейхи салам” атындагы мечиттин жамааты менен жолугушту. Жолугушууда акыйда, мазхаб, адеп-ахлак менен бирге ынтымак, биримдик жана бир туугандык жөнүндө баян айтылды.  

Ошону менен бирге аталган мечит каттоодон өтө элек болгондуктан, эсепке алынбай жатканынын себептери изилденип, аны чечүү боюнча иштер алып барылды. Натыйжада мечитттин жайгашкан жери  автоунаа жүрүүчү жолго жакын жайгашып курулуп калганы белгилүү болду. Эми анын жер аянтын тиешелүү тараптар менен аныктоо иштери жүрүп жатканын баш имам-хатиб билдирди.