Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун акими менен жолугуп, биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун акими Агыбай Имаров менен жолугушту. Жолугушууда район аймагында каттоодон өтө элек мечиттердин (5 мечит) документтерин бүткөрүүдө бирге иш алып баруу каралды. Район акими тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, жыл аягына чейин эсептик каттоону бүткөрүү тапшырмасын берди.

Жолугушууда райондун аймагындагы диний абал боюнча маалымат берген Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков район акимине ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.