Кызыл-Кыяда окуучуларга экстремизмдин алдын алуунун жолдору түшүндүрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга экстремизм жана терроризмди алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусу боюнча өкүлү Ч. Юсупов, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарынын башкы имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев жана милициянын балдар иштери боюнча тескөөчүлөрү менен биргеликте уюштурушкан.

«Окуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган диндик-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диндик-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалыматтар берилди», – дейт уюштуруучулар.

Иш-чаралардын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында дин атын жамынган экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.