Кара-Суудагы «Абдужапар» мечитинин дааратканасы жаңыланды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айыл өкмөтүндөгү «Абдужапар» жума мечитинде заманбап даараткана курулуп бүтүп, ишке берилди. Мечиттин мурдагы дааратканасы талапка жооп бербегендиктен, «Абдужапар» мечитинин имам-хатиби Абдусами кары Бегматовдун демилгеси менен жаңы, бардык шарттары бар, заманбап даараткана курула баштаган.

Демөөрчү жаштарга ыраазычылыгын билдирди мечиттин имам-хатиби Абдусами кары Бегматов:

«Тазалык эң алгач дааратканадан башталат. Кыш мезгили да жакындап келе жатат. Жамаатка келген эл үчүн колубуздан келишинче шарттарды жаратып берүүгө аракет кылдык», – деп билдирди.