КМДБ уюштурган кезектеги окуу курсу жыйынтыкталып, Азирети Муфтийдин катышуусунда сертификаттар тапшырылды (фото)

Бүгүн, 13-ноябрь күнү «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу курсу жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин аалымдары жана белгилүү устаздар катышты. Жыйынтыктоочу сабакты Азирети Муфтий өзү өтүп, квалификациялык билимин жогорулатуудан өткөргөн имамдарга ийгиликтерди каалап,

«Илим алуунун эрте кечи жок. Ошондуктан дайыма окуңуздар. Мына, биз уюштурган 21 күндүк курсу өлкө аймагындагы миңдеген имамдардын арасынан сиздерге насип болду. Бул жерде чоң-чоң дамлалардан дарс алдыңыздар. Эми өз аймагыңыздарга барып, динибизге, элибизге жана мамлекетибизге ак жана сапаттуу кызмат кылууну улантыңыздар», – деп билдирди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө программадан сырткары өткөрүлгөн китеп окуу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.  

Эскерте кетсек, имамдардын диний билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тажвид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу ж.б. боюнча тереңдетилген билим берилди. Аталган курска ар бир облустан имамдар келген жана мындай окутуулар пландуу түрдө жүргүзүлмөкчү.