Ош шаарында «Хувайда» Куран окуу борборунун жаңы имараты курулууда

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Хувайда» Куран окуу борборунун курулуп жаткан жаңы имаратына барып, курулуш иштеринде эмгектенип жаткан усталарга жана жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

«Куран окуу борборунун жаңы имаратында заманбап шарттарды түзүү үчүн аракет кылып жаткан жергиликтүү демөөрчүлөрдөн, талыкпай эмгектенип жүргөн уста агаларыбыздан Аллахым ыраазы болуп, ушул жерден Куран окууну үйрөнүп, толук жаттап чыгуучу карылардын себебинен жакшылык сооптору үзүлбөй жетип турсун», – деп дубасын берди Мирланбек ажы Токтомушов

Белгилей кетсек, «Хувайда» Куран окуу борбору 2020-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан эсептик каттоодон өткөн.