Токмокто мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн сый тамак уюштурулду

«Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин колдоосу менен Чүй районунун Токмок шаарында жайгашкан «Майыптар үйүндө» сый дасторкон уюштурду. Уюштуруучулар шаардын баш имам-хатиби Муржан Касымов жана коомдук бирикменин өкүлү Шерзод Абдурахмановдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый тамак үчүн торт, кондитердик азыктар, алма, мандарин, банан, курма сыяктуу мөмө-жемиштер берилип, ошондой эле 35 кг аш демделген.  

«Майыптар үйүнүн», б.а. ТПССУ-2 нин директору Бурул Туманова демөөрчүлөргө, демилгечилерге жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин көңүлүн көтөрүүгө катышкан бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирип өттү.  

Эскерте кетсек, «Биримдик Токмок» коомдук бирикмеси ушул сыяктуу кайрымдуулук иш-чараларын хатибият менен биргеликте такай өткөрүп келет.