Абдилазиз ажы Абдурахманов: «Илим адамды жакшылыкка жетелейт»

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов Ош шаарындагы №24 М. В. Фрунзе атындагы орто мектептин окуучуларына «Билим алуу үчүн убакытты туура пайдалануу» деген темада лекция өттү.

«Бузукулук, жаман иштердин баары бекерчиликтин айынан башталат. Ошондуктан убакытты туура пайдалануу абзел. Өзгөчө мектеп окуучулары жаштыгын илим алуу жана жакшы жүрүм-турум менен өткөрсө, келечегине пайдубал болот. Анткени илим адамды жакшылыкка жетелейт», – деди Абдилазиз ажы Абдурахманов

Лекция суроо-жооп менен жыйынтыкталды.