Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун имамдарына жыйын өткөрдү

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна иш сапары барып, Покровка айылынын борбордук мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү. Баш имам-хатиб Миржалал ажы Дадабаев облус казысына райондогу дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

«Жараткан насип кылып, жаңы салынган медресебизди ишке киргизүү алдында турабыз. Алгач мечит-медресени куруп берген демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Ал эми медресеге керектүү эмеректерди имамдар алып беришти», – деди Миржалал ажы.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бууруу керектигин белгилеп, «Көрүп жатканыбыздай, эл арасында зордук-зомбулук, талап-тоноочулук жана башка жаман көрүнүштөр көбөйүп кетти. Шариятта ар бир адамдын каны, жаны, анын аброю башка бир адамга арам экендигин элге жеткирүү керек», – деди.

Жыйындын жүрүшүндө мечит-медресенин курулушуна жакындан жардам көрсөткөн имамдарга хатибияттын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, облус казысы иш сапарынын алкагында жаңы бүтүп жаткан медресе-мечитти зыярат кылып, таанышып чыкты.