![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/11/59b99d5f-bb58-49f7-8563-0be01f1f73df.jpg)
Баткен облусунан Чүйдүн Ысык-Ата районуна эвакуацияланган мекендештер өз үйлөрүнө кайта баштады. Мындай маалыматты аталган райондун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков тастыктады. Райондогу мечиттерден буга чейин топтолгон азык-түлүктөрдөн кичи мекенине кайтып жаткандарга бөлүштүрүп берилди.
Бактыбек ажынын айтымында, Ысык-Ата районунда 60 үй-бүлө убактылуу баш калкалап келишкен. Бүгүнкү күнгө карата, алардын көпчүлүгү Баткенге кайтса, айрымдары тууган-туушкандарына орун которгон же батир таап чыгып кетишкен.
Баш имам-хатиб билдирген маалыматка таянсак, азыркы убакта Ысык-Ата районунда эвакуацияланган 21 үй-бүлө жашап жатат.