Самидин кары Атабаев КР ИИМ Академиясынын курсанттарына лекция окуду

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев КР ИИМнин Академиясынын курсанттарына ысырапкорчулуктун шарияттагы өкүмү боюнча лекция окуду. Академиянын дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери жана курсанттарына багытталган лекцияда ысырапкорчулуктун кесепеттеринен сырткары илим-билимдин мааниси, эл-журтка кызмат кылуунун пазилеттери, адеп-ахлак жана кесипкөйлүк, эң негизгиси ыймандуулук боюнча баяндама жасалды.

Атайын чакырууну кабыл алып, курсанттарга лекция окуган Самидин карыга ИИМнин Академиясынын Уюштуруу-социалдык, тарбия иштер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.  

Эскерте кетсек, аталган иш-чара КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.