“Апиза эне” ислам институту диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өткөрдү (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институту “Достук” аттуу спорттук иш-чара уюштурду. Ага Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы “Абдужапар” ислам институтунун мугалимдери жана студенттери, Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” Куран жаттоо медресесинин мугалимдери жана студенттери катышты. Иш-чараны “Апиза эне” институтунун ректору Абдирашит кары Батыров ачып, ынтымактуу ойноого үндөп, командаларга ийгиликтерди каалады. Оюн Кара-Суу шаарында башталып, “Апиза эне” институтунун спорттук аянтчасында жыйынтыкталды. 

Мелдеш спорттун волейбол түрүнөн өткөрүлүп, I орунду “Умму Мухаммад” Куран жаттоо медресеси жеңүүчү болду. Ал эми II орунду “Апиза эне” институту алса, III орунду “Абдужапар” ислам институту ээледи. I орунду ээлеген командага кубок жана акчалай сыйлык ыйгарылса, кийинкилерге грамота жана акчалай белектер берилди. Ал эми жакшы оюн көрсөткөндөргө “мыкты чабуулчу” жана “мыкты коргоочу” деген номинациялар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

 “Бул спорттук мелдешти өткөрүүдөн максатыбыз, эң алгач өз ара таанышуу жана достук мамилелерди күчөтүү. Ар тараптагы медресе жана институттардан келген мугалим, окуучулар өз ара бири-бири менен таанышып, пикир алышып достук мамиледе болсо, ошонун өзү жеңиш. Себеби, баарыбыздын максатыбыз бир, башкача айтканда динге кызмат кылуу” – деди “Апиза эне” институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров.