Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин ишмери Асан ажы Сыргабаевдин апасы Кырбаш кызы Караматтын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Азирети Муфтийдин жардамчысы Асан ажы Сыргабаевдин апасы Кырбаш кызы Караматтын 87 жаш курагында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Асан ажы! Карамат апабыздын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтамын.  Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге жана жакындарыңызга күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. 

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев